БИШКЕК. Ал “Эмгек жана биримдик” деп аталат. Партияны уюштуруучулардын бири Юруслан Тойчубековдун 13-августта “Азаттыкка” билдиргенине караганда, партия негизинен Курманбек Бакиевдин президенттикке талапкер учурундагы шайлоо штабында иштеген топтун демилгеси менен түзүлүүдө. Партия өлкөдө иш орундарын көбөйтүү, экономокины көтөрүү, жакырчылыкта жашаган калкты жок дегенде орто денгээлге чыгаруу жана элдин биримдигин бекемдоо максаттарын көздойт. Жаныдан түзүлүп жаткан бул партиянын уюштуруу жыйыны 14- августта, президенттин ант берүү аземинен соң ошол эле күнү туштон кийин өткөрүлөт