БИШКЕК. 13-августта кечки саат сегиздер чамасында шайланган президент Курманбек Бакиевдин атынан келген өкүл Бишкектеги Горький аянтында бир канча күндөн бери темир жол башкармалыгынын жетекчиси Кыдыкбек Исаевди кызматтан кетирүү жана башкармалыкка адис жетекчинин дайындоо талабы менен нааразылык акциясында турган темир жолчулар менен сүйлөшүүлордү жүргүздү. Ал темир жолчулардын маселеси 16-августта чечилээрин убада кылып, нааразылык акциясын ошого дейре токтото турууну суранды. Акырында темир жолчулар Бакиевдин атынан келген өкүлгө ишенич билдирип, ачкачылык жарыялаган төрт темир жолчу ачкачылыгын эки күнгө токтотушту.
Президент ант берчү күнү өзүн-өзү өрттөөрүн билдирип, акыркы эки күндон бери дайынсыз жок делинип жаткан Гүлнара Керимбаева менен да сүйлөшүү жүрүп, ал да мындай шартка макул болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” суйлошүүгө катышкан укук коргоочу Азиза Абдрасулова ушул эле күнү билдирди. Ошондой эле ал Бакиевдин атынан келген өкүл жалпы журтка таанымал белгилүү инсан экенин, бирок белгилүү себептерден улам азырынча анын аты-жөнү айтылбастыгын кошумчалады.