Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Ирактын жаңы Конституциясынын талашы бүтө элек


Ирактын лидерлери бүгүн кездешип, Конституциянын долбоору боюнча ортодогу талашты жөндөөнүн жолун талкуулашат. Президент Жалал Талабани кечээ күнү өлкөнүн жаңы Конституциясы боюнча түрдүү партиялар ортосундагы сүйлөшүү белгиленген мөөнөттөн мурда- дүйшөмбүгө чейин бүтөт деп билдирди. Тараптар автономиялык башкарууда болчу региондор жана диндин мамлекеттеги орду боюнча бир мунасага келише элек.

АКШ президенти Жорж Буш ишемби күнкү радиокайрылуусунда Ирактын Конституциясын өлкөнүн күнкорсуздук жолундагы чечүүчү кадам деп атады.

Ишемби күнү Иракта бомба кабылып жана атышууларда бери дегенде 12 киши набыт болгону кабарланды.

АКШ президенти Жорж Буштун Техастагы үйүнүн алдында Ирактагы согушка каршы жүздөгөн адамдар катышкан нааразылык акциясы өттү. Согушка каршы акцияны бир апта мурда уулу Иракта курман болгон аял баштаган.

XS
SM
MD
LG