Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Лу Винсян: “Кытай Кыргызстан үчүн жакын өнөктөш өлкө болуп кала берет”


Ушул эле күнү президент Курманбек Бакиев Кытайдын Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын вице-спикери Лу Винсянды кабыл алды. Лу Винсян мырза президенттин ант берүү аземине атайын Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтаонун тапшырмасы боюнча келгендигин билдирди. Лу Винсян Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин арасында Кыргызстандын өзгөчө орду бар экендигин белгилеп, жаңы өкмөт кыска мөөнөттүн ичинде өлкөдө туруктуулукту орнотуу багытында чоң ийгиликтерге жеткенин белгиледи. Вице-спикердин пикиринде, эки өлкөнүн ортосунда жалпы кызыкчылыктар көп, ошондуктан Кытай мындан ары да Кыргызстан үчүн өнөктөш өлкө болуп кала берет. Лу Винсян Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташтыкты өзгөчө белгилеп өттү. Курманбек Бакиев да Кыргызстан Кытай менен соода-экономикалык, коопсуздук жана башка тармактардагы кызматташтыкка чоң көңүл бөлөөрү тууралуу айтты. Ушул эле күнү кыргыз президенти Түркиянын коргоо министри Веждик Гонулду, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Ян Кубишти, ШКУнун аткаруу катчысы Чжан Дегуанды, Жапониянын өкмөт башчысынын кеңешчиси Ерика Кавагучини, АКШнын соода министри К. Гутиеррести, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Марк Перьен де Бришамбону кабыл алды.

XS
SM
MD
LG