Бүгүн Түндүк Кореянын 180 адамдан турган делегациясы Түштүк Кореяга жапондордун колониясынан бошотулгандыктын 60 жылдык мааракесин белгилөөгө барышты. Алар алгач Сеулдагы мемориалдык көрүстөнгө барып, 50-жылдары эки Кореянын ортосундагы согушта курман болгон жоокерлердин арбагына таазим кылышты.