Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:52

Ирактын Конституциясы боюнча талаш басылган жок


Ирактын түндүгүндө жашаган жүздөгөн күрд Киркук шаарында демонстрация өткөрүшүп, өлкө Конституциясына күрддөрдүн автономиясы тууралуу жобону киргизип, өз тагдырын өзү чечүү укугун берүүнү талап кылышты. Демонстарцияны уюштуруучулар Киркуктан арабдарды кууш керек деген чакырыктарды да айтышты. Саддам Хусейндин бийлиги учурунда ал жерге арабдар зордук менен жайгаштырылган болчу. Ал эми Конcтитуциянын эртең парламенттин кароосуна берилүүгө тийиш болгон долбоору боюнча тараптар бир пикирге келе элек. Башкы талаш Ирак федеративдүү мамлекет болуш керекпи жана ислам дини кандай ролдо болот деген маселеден чыгып жатат.

XS
SM
MD
LG