Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Израилдик аскерлер Газа тилкесинен чыгарылып кете баштады


ГАЗА. Израилдик аскерлер Газа тилкесинен чыгарылып кете баштады. Дүйшөмбүдөн тарта, Газа тилкесинде израилдик жарандардын жүргөнү мыйзамсыз болуп саналат. Жөөт кыштактардын бешөөндө тургундар чыгып кетүүдөн баш тартып жатышат. Аларга почта аркылуу атайын маалымдамалар жөнөтүлдү. Эгерде шаршемби күнү да тургундар чыгып кетүүдөн баш тарта турган болсо, аларды аскерлер тилкеден күч менен чыгарып кетишет. Анын аралыгында, Палестин лидери Махмуд Аббас израилдик аскерлердин Газа тилкеиснен чыгарып кетишин, аскерлердин Батыш Жээктен чыгып кетүүсүнө карай жасалган маанилүү кадам катары баалады. Ал эми Израилдин вице-премьери Шимон Перес бул күн Израилдик демократия үчүн маанилүү күн болуп калаарын белгиледи. Өкмөт менен парламент кабыл алынган токтомду өтөлүнө чыга аткарууга жөндөмдүү экенин көрсөтүштү, деди ал.

XS
SM
MD
LG