Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:44

Жер чатактарын чечүү боюнча жыйын өттү


БИШКЕК. Жер басып алуу аракетттерине кылмыш ишин козгоо боюнча мыйзам кабыл алуу Конституцияга каршы келет жана бай депутаттардын кызыкчылыгын көздөйт. Мындай пикирди атуулдук коом өкүлдөрү жер чатагы боюнча кризистерди чечүүгө арналаган жолугушууда айтышты. Атуулдук коом коррупцияга каршы уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, өкмөттүн кызыкчылыгын көздөгөн бул репрессиялык ыкма жакшылыкка алып келбейт. Аталган жолугушууга жер боюнча иштеген уюмдар, атуулдук коомдун жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү катышышты. Жолугушуунун соңунда жер чатактарын алдын алуу чаралары, жер боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бул маселеге тиешелүү мекмелердеги коррупцияга каршы күрөшүү сунуштары айтылды.

Жер басып алуу аракеттерин кылмыш катары санап, жазалоо жөнүндө мыйзамга Курманбек Бакиев 11-августта кол койгон.

XS
SM
MD
LG