Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Венесуэлада 152 жүргүнчүсү бар колумбиялык учак кулап түштү


Акыркы кабарларга караганда, андагы адамдардын баары набыт болгон өңдүү. Такталган маалыматтар боюнча, Панамадан Кариб аралдарына жол алган учакта 160 адам болгон. Алардын 152си - жүргүнчүлөр, анан дагы учактын экипажынын 8 өкүлү бар. Франциялык бийликтердин айтымында, учактагы жүргүнчүлөрдүн көпчүлүк бөлүгү франциялык атуулдардан тушат. Учак Венесуэланын батышындагы четки райондордун бирине кулап түшкөн. Ал кулаганга чейин, учкуч учактын кыймылдаткычы начар иштеп жатканы тууралуу айтканга үлгүргөн экен.

XS
SM
MD
LG