Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Аба ырайы


БИШКЕК. 18-августта Кыргызстанда ала булут каптап турат. Айрым облустарда кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Кээ бир жерлерде шамалдын ылдамдыгы 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +15...+20, күндүз +28...+33 градус.
Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +21...+26 градус жылуу.
Талас дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +26...+31.
Жалалабат, Баткен жана Ош облустарында түнкүсүн +16...+21,ал эми күндүз +29...+34 градустун айланасында ысык болушу күтүлөт.
Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25 градус.
Бишкекте күндүз жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, ал эми күндүз +30...+32 градусту түзөт деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Бурулкан Турдубек кызы менен Шайырбек Эркин уулу даярдады.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG