БИШКЕК. Эл аралык каржы корпорациясы Кыргызстандын жеке менчик тармагына ипотека жана лизинг үчүн инвестиция бериши күтүлүүдө. Бул маселе Корпорациянын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Гортон Демонт менен каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун жолугушуусунда талкууланды. Сүйлөшүүлөргө караганда, эл аралык уюм эгер өкмөт кошумча нарк салыгынан бошотсо, ал коммерциялык банктар аркылуу кредит сунуштайт. Гортон Демонттун айтымында, мындай ыкма Казакстанда лизинг жаатында олуттуу ийгилик жараткан.