Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Мүлк комиссиясы эс алуу жайларын мамлекетке кайтарды


БИШКЕК. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комиссия Башкы прокуратуранын тапшырмасынын негизинде ден соолук чыңдоочу «Дзержинец» лагерин, Илимдер Академиясына таандык ден соолук чыңдоочу 13 котеджди, «Спартак» стадионунун кичи аренасын сатуу, балдардын ден соолугун чыңдоочу «Аккуу» комплексин «Мээрим» фондунун карамагына берүү жөнүндөгү өкмөттүн буйруктарын жокко чыгаруу тууралуу чечимдердин долбоорун даярдап, өкмөткө сунуштады. Бул тууралуу маалыматты комиссия 17-августта таратты. Маалыматка караганда, комитет сот аркылуу «Аккайың» пансионатын жана «Горный» пионер лагерин мамлекетке кайтарды. Ал эми «Архитектор» жана «Саламат» эс алуу жайларына байланышкан иш сотко берилди. Мындай маалыматты комиссия өткөн алты айдын жыйынтыгынын негизинде таратты. Анда белгиленгенге караганда, өткөн алты ай ичинде менчиктештирилген ишканалардын өлчөмү 71,40 пайызды түздү.

XS
SM
MD
LG