Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Нааразы темир жолчулар бийликтин чечимин күтүүдө


БИШКЕК. Нааразы темир жолчулардын өкүлү Эрнис Докеновдун 17-августта “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Курманбек Бакиевдин атынан келген өкүл алардын талабын президентке жеткирген жана маселе ушул күнү кечке жуук чечилиши күтүлүүдө. Эгер маселе чечилбесе темир жолчулар нааразылык чарасын кайрадан улантышат.

Темир жол башкармалыгынын ондон ашуун кызматкери башкармалыктын жетекчиси Кыдыкбек Исаевди кызматтан кетирүү жана анын ордуна адис жетекчини дайындоо талабы менен акыркы эки ай бою нааразылык акциясында турганы белгилүү. Эгер маселе чечилбесе президент ант берчү күнү алардын айрымдары өзүн-өзү өрттөөрүн да жарыя кылган. Ушундан улам өткөн ишембиде Курманбек Бакиевдин атынан барган өкүл нааразы темир жолчулар менен сүйлөшүп, маселе ушул жуманын башында чечилээрин убада кылуу менен нааразылык чарасын убактылуу токтотуп турууга жетишкен.

XS
SM
MD
LG