Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Курманбек Бакиев «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамга кол койду


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев «Улуу Атамекендик согуштун 60 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзамга 13-августта кол койду. Бул тууралуу шаршембиде президенттин маалымат кызматы кабарлады. Аталган мыйзам оор жана өзгөчө оор кылмыш жасабаган жарандарды кылмыш жообунан бошотуу жана жаза мөөнөтүн кыскартуу жагын карайт. Мыйзам ошондой эле жарыялангандан баштап төрт ай ичинде өз каалоосу менен келген кызмат өтөп жүргөндө кылмыш жасаган аскер кызматчыларын жазадан бошотот. Маалыматта белгиленгенге караганда, мыйзамдын кабыл алынышына азыркы түрмөлөрдөгү жагдайдын начардыгы, жазалангандардын арасында кургак учук, СПИДдин ВИЧ инфекциясы менен жабыркагандардын, баңгилердин көп катталгандыгы негиз берди.

XS
SM
MD
LG