БИШКЕК. Башкы прокуратура “кылмышкер” деген шек менен Оштогу тергөө абагында убактылуу кармалып турган 15 өзбек атуулунун тагдыры тууралуу акыркы чечимин жакынкы күндөрдө жарыялайт. Бул тууралуу 17-августта “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын уюштуруу жана эл аралык иштер боюнча башкармалыгынын жетекчиси Сумар Насиза билдирди. Учурда Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкармалыгын эки өкүлү 15 качкын менен жолугушуп, иликтөө иштерин жүргүзүүнү улантууда.
Шаршембиде Бишкектеги райондор аралык соту Кыргызстандын миграциялык кызматы үч өзбек бозгунуна качкын макамын берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу «Адилет» бейөкмөт уюмунун арызын кароону улантты. Бул күнү тараптардын бири-бирине болгон дооматтарын уккан сот чечим чыгарууну кийинки күнгө калтырды. Абактагы он беш атуулдун он экисин Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкармалыгы “качкын” деп тааныган.