Ирактын баш калаасы Багдадда бүгүн эрте менен кыймыл кычаган учурда үч жерде машине жарылды. Ирактын ички иштер министрлиги билдиргендей, жардыруулардан кеминде 43 адам набыт болгон, дагы 76 адам жаракат алды. Алгачки эки жардыруу аялдамага жакын жерде болгон экен. Анан ал жерде жарадар болгондорду ооруканага жеткирип жатышканда, ошол оорукананын жанында үчүнчү машине да жарылып кеткендиги кабарланды.
Ал эми Киркук шаарына жакын жерде козголоңчулар ирактык аскерлердин машинесине чабуул коюп, андагы алты аскерди өлтүрүшкөн. Бул чабуулдар өлкөнүн саясий жетекчилиги Ирактын Конституциясы боюнча бир пикирге келе албай, аны парламентте кароону бир жумага кийинкиге калтыргандан эки күндөн кийин болду. Ирактын премьер-министри Ибрагим ал-Жаафари паралментти Конституциянын долбоору 22-августка даяр болот деп ишендирди.