Израилдин аскерий күчтөрү Газа тилкесинин тургундарын күч колдонуп, ал жерден башка жерге көчүрүү ишин башташты. Бир канча жүздөгөн аскер Газадагы эң чоң жөөт конушу Неве Декалимге кирип, анын тургундарын аймактан чыгарышууда. Аскерлерге азырынча катуу каршылык көрсөтүү боло элек, анткен менен көптөгөн адамдар ошол конуштардагы синагогдорго жашынып, чыкпай жатышат. Аскерлер региондогу бир катар башка конуштарга да киришкен.
Газа тилкесиндеги 21 жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги 4 жөөт конушунун тургундарына шаршембиге чейин өз ыктыярлары менен там-жайларын таштап кетүү эскертилген. Бул мөөнөт өткөн түнү аяктагандан кийин, аскерлер калган адамдарды күч менен чыгара башташты. Израилдик аскерий күчтөрдүн айтымында, жалпысынан 8 жарым миң адам чыгарылышы керек болсо, алардын дээрлик жарымы аймакты таштап кетишти.
Израилдин премьер-министри Ариэл Шарондун ишениминде, акыркы 38 жылдан берки оккупациядан кийин Израилдин бул аймактан чыгып кетиши - өлкө үчүн манилүү жана жакшы көрүнүш. Айрым тургундар өз өкмөтүн айыптап, ал жерден чыгаруу аракеттерине тынчтык жолу менен каршылык көрсөтөөрүн билдирип жатышат.