Окуя – Израил аскерлери Газа тилкесиндеги жөөт тургундарын күчкө салып көчүрүп кетип жаткан маалга туш келди. Палестинанын лидери Махмуд Аббас бул окуяны “Израилдин Газадан кетүүсүнө каршы чабуул”, - деп айыптады. Израилдин премьери Ариэл Шарон палестиндердин өлүмүнө алып келген ок атууну “жөөттөрдүн террору” деп атады. Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом: “Биз бул окуянын күнөөкөрлөрүн айыптайбыз жана терең өкүнүчтөбүз”, - деп белгиледи. Аңгыча Газа тилкесинин түштүк тарабында палестин согушкерлери Израил армиясы менен ок атышканы кабарланды.