Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Конституциялык кеңешме төрагасы кеңешме курамын өзгөртүүгө макул


БИШКЕК. Конституциялык кеңештин жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Конституциялык кеңешменин курамын өзгөртүүгө макул. Бул тууралуу Текебаев «Азаттыкка» берген маегинде билдирди. Конституциялык кеңешменин курамын өзгөртүү себебин Өмүрбек Текебаев буга чейин Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү жыйынга өз убагында келбей, отурум бир нече курдай үзгүлтүккө учурап калгандыгы менен байланыштырып түшүндүрдү. Мамлекет башчы Курманбек Бакиев 15-августта сүйлөгөн сөзүндө Конституциялык кеңешме курамын өзгөртүү зарылдыгын белгилеген.

XS
SM
MD
LG