Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

Маңзаттарга каршы күрөш жаатында мыйзамдарды реформалоо башталды


БИШКЕК. Маңзаттарга каршы күрөш боюнча агенттик аталган проблемага таандык мыйзамдарды реформалоо жаатында иштерди баштады. Агенттиктен бейшембиде алынган маалыматка караганда, бул максатта мекеменин алдында улуттук эксперттик топ түзүлүп, ал шаршембиде алгачкы талкууга чогулду. Топтун курамында расмий бийликтин, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү бар. Эксперттик топ башкы максаттардын бири катары калкка жардам көрсөтүүнү кепилдеген жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууну саноодо. Мындан тышкары Кылмыш жана Административдик кодекстердеги тиешелүү беренелерди реформалоону максат кылып жатат. Маңзаттарга каршы күрөшүү жаатында укуктук реформа жүргүзүү демилгесин алгачкы жолу 7-июнда Бишкекте өткөн «Маңзаттарсыз келечек» аттуу конференцияда президент Курманбек Бакиев көтөргөн.

XS
SM
MD
LG