АКШнын космостук агенттиги - НАСА кезектеги кемени космоско мурда пландаштырылган мөөнөттөн жарым жыл эртерээк, келээрки жылдын март айында учурууга даярдык көрө баштады. Маалыматка караганда, Эл аралык космостук станцияга “Дисковери” чөлмөгү сапар тартат. Агенттик ошондой эле өткөн айда космоско барып келген “Дисковери” эмне себептен сырткы кыртышы сыйрылып, адистерди чочутканы иликтенип жатканын билдирди.