Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

"Мунапыс жөнүндөгү” мыйзам 6 ай ичинде ишке ашырылат


БИШКЕК. Кийинки аптанын башында өлкөдөгү жазаны аткаруу мекемелеринин башкармалыгынын башчысы “Мунапыс жөнүңдөгү” мыйзамды ишке ашыруу боюнча буйрукка кол койот. Ага ылайык, ар бир жаза өтөө жайында мунапыс жөнүндөгү мыйзам боюнча жаза өтөөдөн бошотула турган, же болбосо жаза мөөнөттөрү кыскартыла турган адамдардын ишин иликтөө үчүн атайын комиссиялар түзүлөт. Бул тууралуу 19-августта аталган башкармалыктан билдиришти. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 60 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүңдөгү» мыйзамга 13-августта кол койгон. Анын негизинде жаза өтөө жайларындагы кургак учук, жүрөк оорулары менен ооругандар, жеңил кылмыш жасагандар жана башкалар тиешелүү тартипте жаза өтөөдөн бошотулат, же алардын жаза өтөө мөөнөттөрү кыскартылат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 16 миң 265 адам жаза өтөө жайларында отурат.

XS
SM
MD
LG