Германиянын соту 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдарга жардамдаштыгы бар деп шектелген марокколук жаранды жети жылга эркинен ажыратты. Бирок сот 31 жаштагы Мунир Мотасадекти чабуулга түздөн түз катыштыгын ырастаган далилдер жок деп тапты. АКШнын шаарларында төрт жыл мурда болгон чабуулда 3 миңдей адам набыт болгон.