Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Казакстандын сенатына шайлоого Кыргызстандан беш байкоочу барды


БИШКЕК. 19-августтагы Казакстан сенатына шайлоо легитимдүү өттү. Мындай маалыматты Казакстандын «Хабар» агенттиги Казакстан борбордук шайлоо комиссиясынын жана эл аралык байкоочулардын билдирүүлөрүнө таянып таратты. Казакстан аймагында 16 депутаттык орун үчүн 37 талапкер ат салышты, алардын арасындагы азыр иштеп жаткан 11 депутаттын 8и кайрадан шайланды. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыгын 28-августка чейин чыгараарын жарыялады. Бул шайлоого чет өлкөлүк 52 байкоочу көз салды. Алардын ичинде КМШ миссиясынын тутумунда Кыргызстандан бешөө байкоочу болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Казакстанда сенатка алты жылдан бир ирет 14 облустан жана Астана, Алматы шаарларынан экиден киши сенатка жаңыдан же кайра шайланышат.

XS
SM
MD
LG