Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:53

Өлкөдө 3372 мугалим жетишпейт


БИШКЕК. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы өлкө боюнча орто мектептерде 3372 мугалим жетишпейт. Тагыраак айтканда, Чүй обласында 892, Жалалабадда 527, Баткенде 428 окутуучу жетишпейт. Министрликтин маалыматына караганда, орто мектептер көбүнчө физика, математика, чет тилдери жана орус тили предметтери боюнча мугалимдерге муктаж. Билим берүү министри Досбол Нур уулунун айтымында, аталган министрлик бул маселени жаш мугалимдерге өзгөчө жеңилдетилген шарт түзүп берүү менен чечүүгө аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG