БИШКЕК. Анжиян окуясынын учурунда Кыргызстан аймагына жашыруун кирип, жашап жаткан качкындардын үчөө 20-августта Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча комиссарлыгынын Оштогу бөлүмүнө качкын макамын сурап кайрылды. Бул тууралуу ушул эле күнү баш кеңсеси Ош шаарында жайгашкан «Акыйкаттык жана укук тартиби» бейөкмөт уюмунун башчысы Изатулла Рахматуллаев билдирди. Мындай маалыматка карата эл аралык уюмдар өз пикирлерин айтыша элек. Ал эми Рахматуллаевдин айтымында, буга чейин да «Акыйкаттык жана укук тартиби» уюмуна өздөрүн Анжиян окуясында качып келген өзбекстандык деп тааныштырган өзбек улутундагы 50дөй адам кайрылган. Буга чейин Анжиян окуясында ооп келгендердин саны миңден ашык экендиги тууралуу болжолдуу маалыматтар тараган болчу. Бирок муну расмий бийлик бышыктаган эмес.
Расмий маалымат боюнча, Анжиян окуясында Кыргызстанга 569 адам келген, алардын 439у үчүнчү өлкөгө жөнөтүлгөн, төртөө Өзбекстан бийлигине өткөрүлүп берилген, 15и Кыргызстанда кармалып турат, калганы өз каалоолору менен мекенине кайтышкан.