Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:44

АВТОӨНДҮРҮШ ЧЫГЫШ ЕВРОПАГА ЭМНЕ ҮЧҮН КӨЧҮҮДӨ?


Орусияда ата мекендик автомобилдерди чыгаруу кыскарып баратканда, мурдакы коммунисттик блокко кирген Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү ири автоөндүрүүчүгө айланып барат. Пост-коммунисттик аймакта жумуш күчү арзан жана жергиликтүү кесиптик кошуундары кубаттуу эмес жана ийкемдүү болгондуктан, Германия, Жапония жана Франциядагы атактуу автобирикмелер өндүрүштү Чехия, Польша, Словакия жана Мажарстанга көчүрүүдө. Батыштык автомобиль жасоочулардын Чыгыш Европага өз ишканаларын көчүрүүсү эмнеге байланыштуу?

Чехиянын Млада Болеслав шаарында жасалган “Шкода” автомобили бүгүн дүйнөнүн жетимиштен ашык өлкөсүндө сатылат. Быйыл 31-майда Прагадан 50 чакырымдай күн чыгыштагы Колин шаарында дагы бир автозавод пайда болду.

Жапониянын “Тойота” жана Франциянын “Пежо Ситроен” корпорациясы жаңы заводдо 100 чакырымына 5 литрге жетпеген бензин жечү чакан автомобилдерди жасайт. Колиндеги автозавод күнүнө 22 саат, аптасына алты күн иштейт. Ишкана келээрки жылы толук кубаттуулугуна жеткенден кийин, жылына 300 миң автомобил чыгара баштайт.

Чехияга коңшу мурдакы коммунисттик өлкөлөрдө да автомобил өндүрүшү ылдам өнүгүүдө.

Алсак, Словакияда “Фолксваген”, “Порше”, “Ауди”, “Рено”, “Киа” чогултулса, Мажарстанда “Ауди”, “Сузуки”, ал эми Польшада “Фиат”, “Опел” жана “Фолксваген” жана башка жеңил автомобилдери чыгат.

Автомобил өндүрүшү пост-коммунисттик өлкөлөрдөгү өндүрүштүн структурасын да өзгөрттү.

Бүгүн Европадагы эң эски автоөндүрүшчүлөрдүн бири Чехияда автоөндүрүш өнөр жай тармагынын 20 пайызын түзөт. Автоөндүрүштүн дүркүрөп өсүүсү өлкө ичиндеги кан жолдордун кеңейүүсү жана сапатынын жакшыруусу менен коштолууда. Ошондой эле автомобилге керектүү жабдууларды, тетиктерди жасоочу өндүрүш да кеңейүүдө. Бул, арийне, элдин турмуш деңгээлине да оң таасир этүүдө.

Мисалы, Братиславанын ныптасындагы “Фолксваген” жасоочу заводдун жанында керемет бир жаңы конуш пайда болду. Жергиликтүү эл “Голливуд бөксөсү” деп ат берген бул көк-жашыл мааледе германиялык автозаводдун менежерлери жашайт.

Ишканада орточо айлык акы 400 – 800 доллардын тегерегинде. Жылына 300 миң машине чыгарган бул ишкана үчүн “Фолксваген” 1, 8 миллиард доллардык капиталдык салым киргизген.

Чыгыш Европа өлкөлөрү Батыштык өндүрүшчүлөрдү арзан жумушчу күчүнө катар инвестиция үчүн өтө ыңгайлуу шарты менен, ийкемдүү кесиптик кошуундары менен өзүнө тартат.

“Бизнез уик” журналы байкагандай, 1990-жылдардын баш чениндеги биринчи инвестициялык улуу толкун маалында куру жалак калган Словакия эми сырткы капиталды кызыктыруу үчүн корпоративдик салыктарды төмөндөтүп, жолдорду оңдоого даяр экенин көрсөтүүдө.

Албетте, арзан жумушчу күчү да тышкы инвесторлор үчүн маанилүү. Германияда “Фолксваген” заводундагы аптасына 28 саат иштеген бир жумушчунун бир сааттык эмгеги 50 доллар турса, мындай эмгек Словакияда 40 сааттык жумуш аптасында болгону 6 доллар турат. Мындан улам, германиялык концерн Словакияда жылына 1, 8 миллиард доллар үнөмдөйт.

Непада өндүрүштү кеңейтүү зарыл болсо, Словакияда ал үчүн 1-2 күн керек болот. Германияда жумуш жадыбалын (графигин) өзгөртүү үчүн кесиптик кошуундардын макулдугун алуу зарыл. Алар менен сүйлөшүүгө кеминде жарым жыл кетет.

Француздар менен немистер жылына 1440 саат иштешсе, чехтер, словактар жана поляктар жылына дээрлик 2000 саат иштешет.

Ушундай жагдайлардан улам, франциялык, германиялык жана италиялык автоөндүрүшчүлөр өндүрүштү Чыгыш Европаны көздөй жылдырууда.

XS
SM
MD
LG