Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Аба ырайы


БИШКЕК. Аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү!

22-23 август күндөрү нөшөрлөп жааган жамгыр жаашы жана сел жүрүшү күтүлүүдө деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

22-августта өлкө боюнча ала булут каптап турат. Түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп, жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +15...+20, күндүз +23...+28 градус жылуу. Талас жана Ысыккөл дубандарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26 градус. Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +25...+30 градус. Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26 градус жылуу болот. Борборубуз Бишкекте таңга маал жана күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +24...+26 градус.

Күндүн узактыгы 13 саат, 39 мүнөт.

Жекшембилик кабарларды Замира Кожобаева жана аймактык кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG