Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Жалалабат шаарында автобазар талашы күчөөдө


ЖАЛАЛАБАТ. Шаардагы “Келечек” акционердик коому менен “Байэл” базарынын унаа каражаттарын сатуучу орундарын талашуу үч жумадан бери созулууда. Соңку ирет “Байэл” базарынын жүздөн ашык жактоочулары шаардын ичинде ачылган “Келечек” ишканасынын жаңы базарына кирчү жолду буушуп, унаа соодасын “Байэл” базарына тиешелүү жайда өткөрүүнү талап кылышып, унаа соодасын болтурушкан жок. Мындай маалымат облустук ички иштер башкармасынан алынды. Маалыматка караганда, “Келечек” акционердик коомунда иштеген 60-70 киши жолдун экинчи тарабында чогулушуп, унаа базарын ыңгайлуу шарты бар акционердик коомдун шаар ичиндеги жайында калтырууну өтүнүшкөн. Өз ара кер-мур айтышкан тараптар ички иштер кызматкерлеринин маселени жаатташып, топтошуу жолу менен эмес, мыйзам деңгээлде чечүү жолун түшүндүргөндөн кийин түшкө жакын таркап кетишти.

XS
SM
MD
LG