БИШКЕК. «Жаңы өлкө - жаңы гезит» деген ураандын алдында «Жаңы Кыргызстан» (“Новый Кыргызстан”) деп аталган орус тилиндеги басылма жарыкка чыкты. Басылманын редактору Александр Юрченконун маалыматы боюнча, коомдук-саясий багыттагы гезит айына бир жолу жарык көрүп, анда Кыргызстандын саясий-экономикалык, социалдык абалы тууралуу маалыматтар, аналитикалык макалалар жана коомдук-саясий ишмерлердин маектери жарыяланып турмакчы. Басылманын жума күнкү алгачкы санында президенттин ант берүүсү, баш калаанын жаңы мэри тууралуу жана каскадер Үсөн Кудайбергеновду эскерүү макалалары жарыяланган.