Рим папасы Германиянын Көлн шаарында, айрым маалыматтарга караганда, бир миллиондон ашуун католиктин алдында сыйынуу жөрөлгөсүн өткөрдү.
Бул жөрөлгө - акыркы беш күн бою уланган дүйнөлүк жаш католиктердин фестивалын да жыйынтыктай турган чара болуп калды. Понтифик Рим папасы катарында шайлангандан бери алгачкы ирет өз мекени Германияга келип олтурат.
Ал сапары учурунда түрдүү диндер ортосунда байланышты күчтөндүрүүгө аракеттенди. Рим папасы Көлндөгү иудейлердин синагогуна барып, нацисттердин колунан өлгөн жөөттөрдүн арбагына таазим кылды. Тарыхта Рим-католик чиркөөсүнүн эки эле көсөмү бул өңдүү чараны аткарганы белгилүү. Буга чейин 1986-жылы Иоан Павел Экинчи синагогго келип кеткен.
Ушул ишембиде Бенедикт Он Алтынчы Германиядагы мусулман лидерлери менен жолугушуп, алар жаңы мусулман муундарын адам өмүрүн баалоого үйрөтүүлөрү абзел экенин белгиледи жана терроризмге каршы күрөштө аларды жардам берүүгө чакырды:
- Бул чабуулдарды уюштуруп жаткандар биздин карым-катнашты бузуп, ич-ара ишенимди жок кылууну максат кылып жатышканы айкын. Алар биздин тынч жашоону ойрон кылуу үчүн, керек болсо, динди колдонуудан да баш тартышпайт. Биз баарыбыз терроризмди таш боор жана бузуку, ашынган фанаттардын гана колунан келе турган аракет деп билебиз. Алар адамзаттын жашоого болгон ыйык укугун жек көрүшөт. Терроризм цивилизациянын негиздерин жок кылууга аракет кылат.
Надим Илйаз – Германиядагы мусулмандар Кеңешинин жетекчиси. Ал Бенедикт XVI менен жолугушуу учурунда Ватикан менен мусулман дүйнөсүнүн карым-катнашы дагы да бекемдей берээрине ишеним билдирди. Анын айтымында, христиандар менен мусулмандар өздөрүнүн жалпы тарыхындагы “кара бөлүктөрдү” жабууга аракет кылуулары зарыл.
Германияда 3 млн.дон ашуун мусулман болсо, алардын көпчүлүк бөлүгүн түркиялыктар түзүшөт.
Бул жолу Рим папасынын түркиялык мусулмандар менен жолугушуусу өзгөчө кызыгууну жаратты, анткени Бенедикт XVI буга чейин бир канча ирет Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүккө алынышына каршы билдирүүлөр жасаганы белгилүү.