Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Иранда 5 тонна баңги зат кармалды


Ирандын сыналгы каналы бүгүн маалымдагандай, полиция баңги заттарды ташып бараткан бир канча адам менен кагылыша кетип, алардын жетөөсүн атып өлтүргөн. Дагы бир нече киши жаракат алганы айтылды. Полициянын маалыматында, кыдыруу иштери учурунда мындан башка баңги бизнеси менен машыккан дагы 10 адам камакка алынды. Сыналгы каналынын кабарына ылайык, жалпысынан 5 тонна баңги заты кармалган. Анын ичинде опиум, героин жана гашиштин түрлөрү бар. Негизи, дүйнө боюнча баңги заттардын негизги өндүрүүчүсү – коңшулаш Ооганстан. Бирок Ооганстандан чыккан баңги заттарынын басымдуу бөлүгү дал ушул Иран аркылуу дүйнөгө таралат.

XS
SM
MD
LG