Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 21:55

Роза Отунбаева Москвада


БИШКЕК. Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева Москвага КМШ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Жыйында КМШны реформалоо жана өнүктүрүү маселеси талкууланат. Ошондой эле мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык келишими, БУУнун 60 жылдыгына карата жасала турган билдирүүлөр жана башка документтер каралат. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргенге караганда, бул жыйында бекитилген документтер КМШга кирген мамлекет башчылардын 26- августта Казанда боло турган жыйынына сунушталат.

XS
SM
MD
LG