БИШКЕК. Кыргызстандын президентинин борбор калаадагы Аларча-1 резиденциясы чет өлкөлөрдүн жетекчилерин кабыл алууга ылайыкташтырылган
эмес. Анын үстүнө ал сейсмикалык жактан коркунучтуу жерде жайгашкан. Ошондуктан, Бишкекте чоң эл аралык жыйындарды өткөрүп, өлкө башчыларын кабыл алуу үчүн административдик-маданий комплекс курулушу керек. Бул тууралуу өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаев «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда маалымдады. Анын айтымында, буга чейин Кыргызстан Шанхай кызматташтык, Жамааттык коопсуздук келишим уюмдарынын саммиттерин Бишкекте өткөрүүдөн баш тартып келгендигинин себеби тиешелүү имараттын жоктугуна байланыштуу болгон. Танаев белгилегендей, мындай маданий-административдик борборду куруунун зарылдыгы азыр да бар жана андай имарат курулушу керек.