БИШКЕК. Анда төрага Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы алгылыктуу аракеттерин белгилеп, “чуулгандуу” кылмыш иштерин ачууга Жогорку Кеңеш тарабынан жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Ал эми Азимбек Бекназаров экс-президенттин уулу Айдар Акаевди жана бир катар депутаттарды мандатынан жана депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу маселесин парламентте карап, туура чечим чыгарып берүү сунушу менен кайрылды. Ошондой эле өкмөттүн 100 күндүк программасы 2-октябрда соңуна чыгаарын, ага байланыштуу президенттин жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда парламентте жыйын өткөрүүнү сунуштады.