БИШКЕК. №20 Аксы шайлоо округунун депутаты Азимбек Бекназаров депутаттык ишин токтотту. Башкы прокурордук ишти аткарып жаткан Азимбек Бекназаровдун буга байланыштуу өткөн аптада берген арызын Борбордук шайлоо комиссиясы шейшембидеги отурумунда карап, канааттандырды. Ушул эле күнкү отурумунда БШК №8-Түндүк шайлоо округунан шайланган депутат, маркум Жыргалбек Сурабалдиевдин депутаттык ишин чукул токтотуу чечимин да чыгарды. Жыргалбек Сурабалдиев ушул жылдын 10-июнунда Бишкектеги иш кеңсесинин жанында атып өлтүрүлгөн. Борборшайлооком аталган округдарда келерки шайлоо качан болору тууралуу маалымдай элек.
Ал эми 18-сентябрда өтөөрү күтүлүп жаткан №1-университет шайлоо округуна талапкер болуп Игорь Трофимов, Болотбек Марипов каттоодон өттү. Каттоо уланып жатат. БШКнын дагы бир чечимине ылайык 26-август - Каракол шаар мэрин шайлоо күнү катары белгиленди.