Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев декабрда боло турган президенттик шайлоого катышат. Мындай пикирин ал 24-августта өлкө атуулдарынын телекорсөтүү аркылуу суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн Конституциясы анын дагы бир жолу шайланышына жол берет. Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан бери жетектеп келатат.