Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Багдаддагы кагылыш 15 адамдын өмүрүн алып кетти


Ирактагы көтөрүлүшчүлөр коопсуздук кызматына кол салып, андан кеминде 15 адам каза болду. Анын 10у катардагы адамдар, калганы коопсуздук кызматынын жана кол салгандардын өкүлдөрү. Буга байланыштуу АКШ президенти Жорж Буш мындай деди:

- Көтөрүлүшчүлөр эч кимдин колдоосуна ээ эмес. Ошон үчүн бейкүнөө адамдарды бомба менен өлүмгө кириптер кылып жатышат. Алар бир гана нерсени - ирактыктар демократияга толук ишенгенчекти алардын каалоосун жоготуп, тынчын алуу керек экендигин жакшы билишет. Алардын иши оңбойт.

Ал эми Эн-Наджаф деген шаарда шиилердин бири-бири менен каршылашкан топторунун ортосундагы кагылыштан төрт адам каза болду. Кагылышууга шиилердин радикалчыл лидери Моктады ас-Садранын жергиликтүү кеңсесин Эн-Наждафта ачуу аракети жана аны ас-Садранын каршылаштарынын өрттөп жибергени себеп болду.

XS
SM
MD
LG