ТАЛАС. Бакайата районундагы Бешбулак айылынын 80 жаштагы тургуну Казак Сооронкулов Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Чехиянын борбору Прага шаарын бошотууда көрсөткөн эрдиги үчүн “Праганы бошоткондугу үчүн” медалы менен сыйланган. Улуу жеңиштин 60 жылдыгына даярдык көрүү учурунда согуш жана эмгек ардагери Казак Сооронкулов Чехияны фашисттик баскынчылардан бошоткундугуна салым кошкондугун билдирип, 2004-жылы Чехиянын Орусиядагы элчилигине кат жөнөткөн. Карыя жоокердин согуш жылдарындагы сиңирген эмгеги унутта калбады. 25-август күнү Чех Республикасынын Казакстан, Кыргызстандагы элчилигинин консулдук башкармалыгынын кызматкерлери карыя жоокер Казак Сооронкуловго Чех Республикасынын эки медалын тапшырышты. Анын бири “Чех Республикасынын эркиндиги жана көз карандысыздыгын камсыз кылуудагы салымы үчүн” медалы жана экинчиси Чех Республикасынын коргоо министрлигинин Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктагандыгынын 60-жылдыгына арналган юбилейлик медалы.