Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Бийликтин атуулдук коом жана парламент менен байланышы бекемдейби?


БИШКЕК. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун көрсөтмөсүнө ылайык, өкмөттүн аппараты жана башка аткаруу бийлик органдары атуулдук коомдор менен активдүү кызматташууга тийиш. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан 25-августта билдиришти. Маалыматка караганда, Феликс Кулов бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү менен чиновниктердин ортосунда жолугушуу өткөрүп, пикир алышууга, өкмөттүн иштерине алардын көз караштарын билүүгө милдеттендирген. Ошондой эле элдин көйгөйлөрүн жакындан билген Жогорку Кеңештин депутаттары менен аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн тыгыз байланышып, кызматташууну арттырууга көрсөтмө берген.

XS
SM
MD
LG