Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Министрлер иш ордуна кечигип келишеби?


БИШКЕК. Жаңы өкмөттүн курамы начар иштеп жатат. 25-августта президент Курманбек Бакиевдин буйругу кандай аткарылып жаткандыгын билүү максатында эртең менен саат тогузда бардык министрликтерге телефон чалдым. Курманбек Бакиев, Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаевадан башка бир дагы министр, алардын орун басарлары кызмат ордунда жок болуп чыкты, - деп билдирди, 25-августта Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев “Азаттыктын” кабарчысына. Анын айтымында, жоопту кызматтарда иштеген жетекчилер аткарган кызматтарына жоопкерчиликтүү мамиле кылбаса, жаңы бийликке элдин ишенимин жоготот. Ал эми Жогорку Кеңештеги президенттин атайын өкүлү Данияр Нарымбаев Дооронбек Садырбаевдин маалыматын президенттик администрацияга кабарларын билдирди.

XS
SM
MD
LG