Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Жакынкы Чыгышта абал курчуй баштады


Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги палестиндиктердин Тулкарм деп аталган лагерине жасалган рейд учурунда израилдик аскерлер 5 палестиндикти атып салышты. Бүгүн палестин премьер-министри Ахмед Курей бул окуяны “ташбоор кылмыш” деп атап, аны аткаргандарды кескин айыптады:

- Бул беш адамды өлтүрүү Израил Батыш жээкте тынчтыктын орношун каалабай жатканын көрсөтөт. Азыр абал өтө оор жана Израил коргонуу дубалын тургузуп, Иордандын Батыш жээгинде жөөт конуштарынын санын дагы көбөйтүп жатышы жагдайды андан бетер курчутат.

Палестинадагы радикалдык исламий топтор “Ислам жихады” тобу менен “Азапкерлер бригадасы” беш палестиналыктын өлүмү үчүн израилдиктерден сөзсүз өч алаарын жарыя кылышты. Израилдик аскерлер ал беш адамдын баары козголоңчу болгонун айтып жатышат. Кечээ болсо Иерусалимде палестиндик киши бир жөөттү бычактап-өлтүрүп, дагы бирин жарадар кылган. Ал изип суутуп, жок болгону кабарланууда. Бул окуялар Газа тилкесиндеги 21 жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги төрт жөөт конушун Израил толук алып чыгып кеткенден бир күн өткөндөн соң болуп олтурат.

XS
SM
MD
LG