БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан 26-августта алынган маалыматка караганда, №1-университет шайлоо чөлкөмүнөн депутаттыкка учурда төрт талапкер катталды. Алар: Улуттук университеттин мугалими Медер Абдраев, журналист Болот Марипов, жана “Айкөл Манас” корунун жетекчиси Игорь Трофимов, “Фармация” акционердик бирикмесинин жетекчиси Кунай Шеримкулов. Мындан сырткары аталган чөлкөмдон дагы беш талапкер көрсөтүлгөн. Алардын арасында Жогорку Кенештин мурдагы чакырылыштарынын депутаттары Рахат Ачылова менен Эркин Бөлөкбаев да бар. Алардын талапкерлиги азырынча каттала элек.
Шайлоо кодексине ылайык, аталган чөлкөмдо талапкерлердин үгүт өнөктүгү 1-сентябрда башталат.Аталган чөлкөм боюнча депутаттыкка экс-президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева ат салышып, жеңип чыккан. Март ыңкылабынан кийин Бермет Акаева шайлоо өнөктүгү учурунда олуттуу мыйзам бузууларга барган деген айып менен депутаттык мандатынан ажыратылган. Ал эми Бермет Акаева буга чейин мындай дооматтарга макул эместигин айтып келген.