Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:52

Текебаев өкмөт жайбаракаттыкка жол берип жатат деген ойдо


БИШКЕК. Мындай пикирин ал «Слово Кыргызстана» гезитине берген интервьюсунда билдирди. Текебаев июль айында парламентти чукул чакырып, өкмөттүн курамын дайындоо болот деп күткөн, бирок президент шайлангандан бери бир жарым ай өтсө да, өкмөттүн курамын түзүүгө кирише элекпиз дейт. Интервьюда парламенттин артыкчылыктуу багыты катары Конституциялык кеңешменин ишин аягына чыгарууну, төрагалыкты президентке ыйгаруу белгиленген.

Белгилеп койчу жагы, «Эркиндик» саясий партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиевдин парламентти таркатуу боюнча кол топтоп жатат. Мындай демилгени ар бир атуулдун эрки деп эсептеп, эл референдумда демилгени колдосо депутаттар ага баш ийүүгө милдеттүү дейт. Өмүрбек Текебаевдин айтымында, аны төрагалыктан алуу үчүн парламентте өткөн үч айда беш ирет аракет болду. Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү ар бир депутаттын добушу үчүн 5 миң доллардан убада кылган. Ал эми парламентте төрага болууну каалагандардын саны 15ке чамалап барат деп болжойт төрага интервьюда.

XS
SM
MD
LG