Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Бекназаров мамлекеттик кызматкерлерге эскертүү жолдоду


БИШКЕК. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров мамлекеттик кызматкерлерди «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү», «Мамлекеттик кызматкерлердин этикасы жөнүндөгү» мыйзамдарды бузбоого чакырды. Буга байланышкан билдирүүнү башкы прокуратура 26-августта таратты. Анда белгиленгенге караганда, айрым мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик каражатты, материалдык-техникалык базаны, автотранспортту өз кызыкчылыгына пайдаланып, эс алуу жайларына өздөрү жана үй-бүлөлөрү мамлекеттин эсебинен барып жатышат. Иш сапарлардын учурунда мамлекеттик кызматкерлер кабыл алган тарапты ар кандай сый көрсөтүүгө мажбурлап жатышат. Шектүү иш чараларга, салтанаттарга, казино, ресторандарга барышат. Билдирүүдө мындай жагдайлар мамлекеттик кызматкердин жүрүмүнө төп келбей тургандыгы эскертилген. Бул маселени апта башында өткөн жолугушууда Башкы прокрурор менен Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев да талкуулашкан.

XS
SM
MD
LG