Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Өкмөт түзүмү боюнча акыркы долбоор 28 августка даяр болот


БИШКЕК. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов өкмөт аппаратын кармоого кетчү чыгымдарды кыскартууга байланыштуу бейшембиде өткөн каржы министрлигинин кезексиз жыйынында билдирди. Данияр Үсөновдун пикиринде, чыгымдарды азайтуу үчүн өкмөттөгү бири-бирин кайталаган структураларды жойуу зарыл. Ал мисал катары 16 министрликтин ордуна 12син, 14 мамлекеттик агенттиктин да 12син калтырууну жана 4 мамлекеттик комиссияны жойуп салууну сунуштады. Мындан сырткары мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу менен калган кызматкерлердин маянасын көбөйтүү сунушун айтты. Учурда аткаруу бийлигин реформалоо боюнча мындай сунуштар өкмөттө талкууланууда. Бул тууралуу 26-августта “АКИ-пресс” маалымат агенттиги кабарлады.

XS
SM
MD
LG