БИШКЕК. Жогорку Кеңештин бир депутаты Айдар Акаевдин мандатын сактап калууга жана анын акысына акча өндүрүп алууга депутаттарды үндөп жатат. Депутаттын ысымынын баш тамгаларын (А.К.) атаган мындай маалыматты «МСН» гезити жума күнкү санында жазып чыкты. Редакцияга түшкөн катка шилтеме берген гезиттин жазганына караганда, депутат бул маселе боюнча Москвага барып, Айдар Акаев менен макулдашып кайткан. Баш тамгалары уйкаш Жогорку Кеңештеги эки депутаттын бири Айдар Керимкулов мындай маалымат тууралуу түшүнүгү жогун, мунун чындыктан алыс экендигин белгиледи. Ушундай эле пикирин «Эл менен» фракциясынын мүчөсү, депутат Акматбек Келдибеков да билдирди. Анын айтымында, мындан эки апта мурда фракциянын депутаттары көлдө чогулуп, эс алган, бирок мындай саясий маселе көтөрүлгөн эмес. Ал Москвага да барган эмес. Жайлай шайлоо округунда болгон жана Ысыккөлдө эс алган. Ошондуктан, Акматбек Келдибеков жогорудай фактыга анын ысымы ачык байланыштырылган шартта ал сотко кайрылат. Белгилеп койчу жагы, Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке Айдар Акаевден башка дагы бир нече депутатка кылмыш козголуп жаткандыгын парламентке сентябрда маалымдашы күтүлүүдө.