БИШКЕК. Мындан ары уруксатсыз жер ээлеп алган атуулдарга карата мыйзам чегиндеги чара колдонулат. Ал эми нааразылык билдиргиси келген атуулдар Бишкектеги Максим Горькийдин эстелиги жайгашкан аянтчага чыгышы керек. Бул тууралуу 27-августта Бишкек шаар башчысы Арстанбек Ногоев шаардык кеңештин сессиясында билдирди. Анын айтымында, мындан ары жер 15-июнга чейин арыз берген атуулдарга гана берилет. Бул маселе өкмөт менен да макулдашылды. Учурда шаардын чет жакаларында 77 га. гана жер калды. Ал эми жерге муктаж болгон калган атуулдарга Токмок менен Карабалтадан жер берилиши мүмкүн. Шаардык кеңештин жыйынында маалымдалгандай, жер бөлүштүрүүдө орун алган мыйзам аракеттерге көзөмөлдү күчөтүү тартип коргоо, прокуратура органдарына тапшырылды. Буга чейин Чүй облусунунан жана Бишкек шаарынын аймагынан 12 миң адамга жер берилген.