Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Университет округунда участкалык шайлоо комиссияларынын тизмеси бекитилди


БИШКЕК. Бишкектеги №1 Университет округунда Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо боюнча участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси 27-августта Бишкек шаардык кеңештин сессиясында бекитилди. Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши маалымат каражаттары аркылуу саясий партияларга, коомдук уюмдарга кайрылып, участкалык комиссияларга өкүлдөрүн сунуштоону өтүнгөн. Өлкөнүн Шайлоо Кодексине ылайык, участкалык комиссиялардын курамы 7ден кем эмес мүчөдөн түзүлөт. Университет округуна Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында жайгашкан 17 шайлоо участкасы кирди. Округда кайра шайлоо 18-сентябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG