Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Президенттин жардыгына шаардык кеңеш нааразы


БИШКЕК. Шаардык кеңештин депутаттары Улуттук гвардиянын баш командачысы, шаардык кеңештин депутаты Абдыгул Чотбаевдин кызматынан алуу маселесин кайра карап чыгууну өтүнгөн кайрылууну президент Курманбек Бакиевге жолдошту. Президенттин А. Чотбаев жөнүндөгү жардыгы менен шаардык кеңештин депутаттарын 27-августта президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов тааныштырды.

Шаар кеңешинин айрым депуттарынын айтымында, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макамы жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештин депутатын ээлеген кызматынан кеңештин алдын ала макулдугусуз бошотулбашы керек. Абдыгул Чотбаев да ээлеген кызматынан негизсиз алынгандыгы тууралуу айтууда. 24-августта өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында 17-июнда Бишкекте орун алган окуяларга байланыштуу Абдыгул Чотбаевди өз милдетин так аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотуу президентке сунушталган.

XS
SM
MD
LG